- Главная /
- Новости /
- Бүгүн 16 жараныбыздан турган кезектеги топту Корея Республикасына ишке орноштуруу системасы (EPS) боюнча узаттык. /
Бүгүн 16 жараныбыздан турган кезектеги топту Корея Республикасына ишке орноштуруу системасы (EPS) боюнча узаттык.

Бүгүн 16 жараныбыздан турган кезектеги топту Корея Республикасына ишке орноштуруу системасы (EPS) боюнча узаттык.
Өткөн жылы Корея Республикасына ишке орноштуруу системасы (EPS) боюнча жалпысынан 15 795 адам консультация алды, анын ичинде 4 857 айымдар тузду. Алардын ичинен 906 адам ишке орношулдуу. Борбор тарабынан Кыргыз Республикасын жана анын эмгек ресурстарын популяризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш – чаралардын натыйжасында келип түшкөн контракттардын саны, ошондой эле Корея Республикасына кеткендердин саны эки эсеге көбөйдү.
Бул программанын алкагында 15 жылдан бери жарандарды чет өлкөлөгө ишке орноштуруу борбору иштеп келет жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасынын ишканаларына ийгиликтүү ишке орноштурат. Меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун жаран ийгиликтүү ишке орноштурулган. Азыркы учурда Корея Республикасында EPS программасы боюнча 1,5 миңге жакын жаран эмгектенет.
Жумушка кеткендердин жалпы санынын көпчүлүк бөлүгү өндүрүш тармагында эмгектенишет:
🟧тамак-аш
🟧 химиялык
🟧кагаз өнөр жайы
🟧пластик, резина жана айнек буюмдарын өндүрүү жайы
💰Орточо эмгек акы 1800 АКШ долларын түзөт, мында жашаган жери жана тамак-ашы (жарым жартылай же толугу менен) иш берүүчүнүн эсебинен кетет.
📌EPS программанын негизги талабы - корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү. 2022 – жылы корей тилин билүү тестине 2448ден ашык жаран катышкан-тесттен 592 адам ийгиликтүү өтүп, Корея Республикасынын жумуш берүүчүлөрү тарабынан тандалып алынган.
Корея Республикасына жана башка өлкөлөргө жарандарды ишке орноштуруу боюнча зарыл маалыматты Борбордун www.migrant.kg сайтынан көрүүгө болот