Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү

26 Апрель 2024
Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү

Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу  Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Турсунбаев жана Кыргыз Республикасындагы Түштүк Кореянын EPS борборунун директору Ким Ынжи айым менен жемиштүү жолугушуу өткөрдү.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана ишке орноштуруу жаатындагы кызматташууну мындан ары кеңейтүү боюнча пландарды жана перспективаларды талкуулашты.

 

2023-жылы Ош шаарында корей тилин билүү боюнча тестирлөөнүн ийгиликтүү тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулду. Бул чечим тестирлөөдөн өтүүгө умтулган жарандардын чыгымдарын олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берди жана региондун миграциялык активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түздү.

 

Ош технологиялык университетинин имаратында өткөрүлгөн корей тилин билүү боюнча тестирлөө Корея Республикасында иштөөнү каалаган жергиликтүү тургундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечектеги демилгелер жана долбоорлор үчүн негиз боло турган кызматташтык жөнүндө үч тараптуу Меморандумга кол коюу ниетин билдиришти.

 

Бул иш-чара Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, билим берүү жана эмгек чөйрөсүндө эл аралык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.