Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кореянын алдыңкы компаниялары менен кызматташуу келишимине кол коюлганын билдирет

25 Март 2024
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кореянын алдыңкы компаниялары менен кызматташуу келишимине кол коюлганын билдирет

 2024-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору K-Jobs HR кызматы жана MANTOSS GROUP менен Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюштуу. 

 

2014-жылы негизделген, K-Jobs HR Service - бул квалификациялуу адистерди ар кайсы өлкөлөрдөгү бош орундар менен ийгиликтүү байланыштырган иш менен камсыз кылуу боюнча эксперттик уюм.

 

Келишим Кореяда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, E-7 визасынын шарттарында техникалык адистиктерге мүмкүнчүлүк берет.

 

Үч жылга чейин жарактуу жана эки жылга узартылышы мүмкүн болгон E-7 визасы орто билими жана электр, сантехника жана ширетүүчү сыяктуу тармактарда тажрыйбасы бар талапкерлер үчүн мүмкүнчүлүк. Базалык дэңгелде корей же англис тилдерин да билүү зарыл.

 

Бул кызматтарга кабыл алуу 2-3 айдан кийин башталат. Бул кызматташтык Кыргызстандын жарандарына жумуш орундарын жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого жаңы горизонтторду ачат.

 

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору E-9 visa EPS программасы боюнча Корея Республикасынын ишканаларына Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу боюнча чоң тажрыйбага ээ, акыркы 15 жыл ичинде 5 миңден ашык жаранды ийгиликтүү ишке орноштурган.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн Бишкек шаары, Токтогул көч., 237 дареги боюнча Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылыңыз.