Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору «Сезондук жумушчу» программасына (Улуу Британия) катышуучу жарандар үчүн кетээр алдында окутуу өткөрдү

26 Март 2024
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору «Сезондук жумушчу» программасына (Улуу Британия) катышуучу жарандар үчүн кетээр алдында окутуу өткөрдү

2024-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Hops Labor Ltd оператору аркылуу Улуу Британияда иштөө үчүн эмгек келишимин алган 50 жаранды кетээр алдында окуудан өткөрдү.

 

Тренингдин алкагында катышуучулар Улуу Британиянын маданияты, иштөө жана жашоо шарттары, салык системасы, эмгек акы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы консулдук мекемелеринин жана башка уюмдардын байланыш маалыматтары тууралуу кеңири маалымат алышты. 

 

Борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев катышуучуларга каалоо тилектерин айтып, аларга ийгилик жана жемиштүү иш каалады, Кыргыз Республикасын эл аралык аренада позитивдүү имиджин сактап калуу үчүн Улуу Британиянын мыйзамдарын жана визалык талаптарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

Бул иш-чара Эмгек министрлигинин чет өлкөдөн татыктуу жумуш тапкысы келген жарандарды колдоо боюнча иш-аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат жана иш менен камсыз кылуу жаатында эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн көрсөтөт.