Тарых

Борбордун тарыхы

 

14-июнь 2001-жыл.

         Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министирлигине караштуу Калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик департаменти жана Германия техникалык кызматташуу коомунун “Эмгек иш менен камсыз кылуу рыногунун саясаты” долбоорунун биргелешкен иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарында Маалымаатык-консультациялык борбору ачылган.

 

Февраль 2002-жыл.

Кыргыз Республикасынын Калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик департаменти жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин миграциялык кызматы жана Россиялык “ОСТ” фирмасы менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Алыскы чет өлкөлөрдөгү бош эмгек кызмат оорундары, окуу жана тажырыйба алуу мүмкүнчүлүгү жана мыйзамдуу эмгек келишимдердин негизинде эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоо.

 

24-июнь, 2007-жыл.

2007-жылдын 13-июнундагы №169-р Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Миграция иш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитетинин Корея республикасынын Эмгек министирлигинин ишке орноштуруу уруксат берүү системасы боюнча Корея республикасы боюнча жумушчу күчтөрдү жөнөтүү “Өз ара түшүнүшүү тууралу меморандумунун долбооруна кол коюлган. Кыргыз Республикасынын жарандарына эң прогрессивдүү дүйнө өлкөлөрүнүн бири – Корея Республикасына ишке орношуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул Меморандумдун алкагында Корея республикасында эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандары Корея республикасынын “эмгек стандарттары жөнүндө” жана “Эмгекти жана минималдуу эмгек акысын коргоо жөнүндө” мыйзамдарында каралган укуктарга жана милдеттерге ээ болушту.

 

9-февраль, 2010-жыл.

Кыргыз Республикасынын Миграция жана иш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитетинин Маалымаатык-консультациялык борбору Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрилигине караштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору болуп кайра түзүлдү. Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө мызамдуу жана уюштурулган негизинде ишке орноштуруу, кабыл алынган өлкөлөрдүн социалдык жана маданий өзгөчөлүктөрү боюнча маалымат берүү, чет өлкөлүк иш берүүчүлөр менен укуктук эмгек келишимдерине кол коюу схемаларын түзүү; чет өлкөгө ишке орноштуруу боюнча жеке агентигине ишмердигине мониторинг жүргүзүү; Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын жүзөөгө ашырууда чет өлкөдө каза болгон эмгек мигранттарынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн акчалай компенсациалоо менен чыгымдарды төлөп берүү.

 

 15-май, 2012-жыл.  

Борбор менен “Arak Management Consultancy” компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Жарадарга абдан өнүккөн өлкөдө туризм чөйрөсүндо жумушка орношууга жана тажырыйба алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

 

24-июль, 2012-жыл.

Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министирлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министирлигинин Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору болуп кайра түзүлдү.

Өлкөнүн ичинде, ошондой эле чет өлкөлөрдө уюштурулган ишке орноштуруу боюнча маалыматтык-консультациялык кызмат көрсөтүү, түзүлгөн келишимдерге ылайык жарандардын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү, адистерди тандоо уюштуруу, алардын кесиптик жарактуулугун тестирлөө, ички жана тышкы эмгек рыногундагы мыйзамдар менен тааныштыруу; жеке агенттиктердин чет өлкөлөрдө ишке орноштуруусуна көзөмөл жүргүзүү; Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын жүзөгө ашыруу максатында чет өлкөдө каза болгон эмгек мигрантырынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн акчалай компенсация менен чыгымдарды төлөп берүү.

 

2-октябрь, 2013-жыл. “Бирдиктүү терезе системасы киргизилди”.

Кыргыз Республикасынын жарандарына бир оорунда туруп ишке орношуу шарттары, мыйзамсыз эмгек миграциясы, социалдык жана пенсиялык жактан камсыз болуу боюнча суроолоруна кыска мөөнөт ичинде жооп алуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн мамлекеттик мекемелердин жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүү механизими.

 

6-июнь, 2014-жыл.

Борбор менен Казахстан республикасынын “Базис” компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарын уюштурулган ишке орноштуруу боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду.

 

19-ноябрь, 2014-жыл.

Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министирлиги, Кыргыз Республикасынын Миграция боюнча эл аралык уюуму жана Ош облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ортосундагы үч тараптуу макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкөлүнүн аппараттарынын модеризацияланган имаратында ушундай эле борбор ачылды.

Түштүк жергесинде жашаган жарандарга чет өлкөгө уюштурулган ишке орноштуруу программалары менен таанышууга жана ишке орношууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

 

12-январь, 2015-жыл.

Уюштурулган ишке орноштуруу программалрын кеңейтүү жана Түркия республикасына болгон миграциялык агымды нукка келтирүү чараларын көрүү максатында Борбор Кыргыз Республикасынын студент-жарандарын Түркияга практикага, стажировкага, жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркияга уюштурулган ишке орноштуруу боюнча кызматташтык келишими түзүлдү. Туризм академиясы, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз-Орус Славян университети сыяктуу Кыргызстандын алдыңкы окуу жайлары менен педагогигалык, чет тилдер жана туризм факультеттеринин студенттерин Түркияга стажировкага жөнөтүү боюнча үч тараптуу келишимдерге кол коюлду

 

11-декабрь, 2015-жыл.

Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министирлигине караштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борбору болуп кайра түзүлдү.

 

4-май, 2021-жыл.  

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борбору Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбору болуп кайра түзүлдү. Түзүлгөн келишимдердин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө мыйзамдуу жана уюштурулган негизде ишке орноштуруу жөнүндө маалымат жана консультация берүү, кабыл алган өлкөлөрдүн социалдык жана маданий өзгөчөлүктөрү боюнча маалымат берүү, түзүлгөн келишимдерге ылайык адистерди тандоону уюштуруу, алардын кесиптик жарактуулугун тестирлөө, миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен тааныштыруу; чет өлкөгө ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин ишмердигине мониторинг жүргүзүү; Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын жүзөөгө ашырууда чет өлкөдө каза болгон эмгек мигранттарынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн акчалай компенсациялоо менен чыгымдарды төлөп берүү.