Уруксат алуу үчүн документтердин тизмеси

Уруксат алуу жана анын мөөнөтүн узартуу үчүн юридикалык жана жеке жактар төмөнкү документтердин тизмеси:

1-этап 

– юридикалык жана жеке жактардын уруксат алуу/узартуу үчүн арызы;

– жетекчисинин, уюштуруучулардын ким экендигин күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү, чет өлкөлүк жаран үчүн - анын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун мыйзамдуулугун күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү жана иштөөгө уруксаты. Эгерде уюштуруучулардын курамында чет өлкөлүк жаран болсо - анын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун мыйзамдуулугун күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү жана иштөөгө уруксаты, ошондой эле чет өлкөлүк жарандын паспортунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу;

– арыз ээсинин иш берүүчү/чет өлкөлүк ортомчу уюм менен кызматташуусун ырастаган макулдашуулардын, келишимдердин же башка документтердин көчүрмөлөрү, эгерде алар чет тилде түзүлсө -аталган документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу;

– апостиль коюлган же легалдаштыруу процессинен өткөн, кабыл алуучу тараптын чет өлкөлүк жарандарды ишке орноштуруу укугун ырастоочу документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү же эгер ишке орношкон мамлекеттин мыйзамдары менен чет өлкөлүк жарандарды жумушка орноштурууга уруксат (лицензия) берүү каралбаса, иш берүүчүнүн чарбалык ишинин түрүн аныктаган документинин көчүрмөсүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

Чет мамлекеттердин аймагында таризделген, уруксатты алуу же узартуу үчүн берилген расмий документтер, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, консулдук легалдаштыруу болгон учурда Кыргыз Республикасында жарактуу деп таанылат. Чет тилде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдерине которулууга тийиш. Документтерди которгон котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш;

иш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы эмгек келишиминин долбоору;

– ишке орноштурууга көмөктөшүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тарифи;

– жөнөтүүчү менен иш издөөчүнүн ортосундагы кызмат көрсөтүүлөргө типтүү келишим, ал уруксат алынган учурда ишке орноштуруу процессинде пайдаланылууга тийиш.

ЭСКЕРТҮҮ: Арыздар жана документтер жеке өзү же ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу, өкүлдүн паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен берилет.

 

2-этап

Уруксат берүү жөнүндө чечим улуттук коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ички иштер органы менен милдеттүү түрдө макулдашылгандан кийин ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынат.

 ЭСКЕРТҮҮ: Зарыл болсо, чечим кабыл алуу процессинде, ведомстволор аралык уруксат берүү комиссиясы кошумча документтерди тийиштүү түрдө талап кылынууга укуктуу.

3-этап

– уруксат берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ (4000 сом);

– өтүнмө ээсинин кепилдик акысы суммасына (100,000 сом) суммасына өтүнмөсүн тастыктаган документ.

Документти жүктөө

Форма заявления

Форма заявления

Жүктөө
Арыздын формасы

Арыздын формасы

Жүктөө