- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- 2026-жылдын 12-январында Түркия Республикасында мейманкана тейлөө тармагында ишке орношуу үчүн талапкерлер менен маектешүү өткөрүлдү /
2026-жылдын 12-январында Түркия Республикасында мейманкана тейлөө тармагында ишке орношуу үчүн талапкерлер менен маектешүү өткөрүлдү
12 Январь 2026
2026-жылдын 12-январында Түркия Республикасында мейманкана тейлөө тармагында иштөөгө кызыккан талапкерлер үчүн маектешүү өткөрүлдү.
Буга чейин, 2025-жылдын 26-декабрында тандоого катышууну каалагандар үчүн онлайн каттоо ачылган. Каттоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлерге Түркиянын «Kariyer.net elektronik yayincilik ve iletisim hizmetleri a.s.» (Hirepont) компаниясынын өкүлдөрү менен маектешүүгө чакыруу жиберилген.
Маектешүүнүн өткөрүлүшү талапкерлерди тандоонун кийинки баскычы болуп, жарандарды Түркия Республикасына мыйзамдуу жана уюшкан түрдө ишке орноштурууга багытталган.
Маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча тандоодон өткөн талапкерлерге ишке орношуунун кийинки этаптары тууралуу белгиленген тартипте маалымат берилет.





