18-декабрь — Мигранттардын эл аралык күнү

18 Декабрь 2025
18-декабрь — Мигранттардын эл аралык күнү

18-декабрда дүйнө жүзүндө Мигранттардын эл аралык күнү белгиленет. Бул күн мигранттардын өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымын таанууга, ошондой эле алар туш болгон кыйынчылыктар жана чакырыктар тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга арналган.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору мыйзамдуу эмгек миграциясын жөнөкөйлөтүүгө жана өнүктүрүүгө, эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле жарандарга маалыматтык жана укуктук жардам көрсөтүүгө багытталган иштерди ырааттуу жүргүзүп келатат. Өзгөчө көңүл коопсуз эмгек миграциясын камсыз кылууга, алдамчылыкка каршы күрөшүүгө жана мигранттардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга бурулууда.

Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда Борбордун директору                                Б. Э. Кудайбердиев төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Эмгек мигранттары — өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү. Алардын эмгекчилдиги, жоопкерчилиги жана үй-бүлөлөрүнүн, жалпы коомдун бакубаттуулугуна кошкон салымы терең урматтоого татыктуу».

Мигранттардын эл аралык күнү төмөнкүлөрдүн маанилүүлүгүн эске салат:

  • мигранттар үчүн татыктуу эмгек жана жашоо шарттарын түзүү;
  • дискриминацияга каршы аракеттенүү жана мигранттардын кабыл алуучу өлкөлөрдө интеграцияланышына көмөк көрсөтүү;
  • чет өлкөдө жүргөн мекендештер менен байланыштарды бекемдөө жана алардын укуктарын коргоо.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бардык эмгек мигранттарына өлкөнүн экономикасына кошкон салымы, жан үрөгөн эмгеги жана үй-бүлөлөрүнө берилгендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Ар бир сапарыңыз коопсуз, ал эми аракетиңиз татыктуу бааланган болсун.