Корея Республикасында EPS (E-9) системасы боюнча иштеп келген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маалымат

16 Октябрь 2025
Корея Республикасында EPS (E-9) системасы боюнча иштеп келген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маалымат

Кореяда EPS системасы (E-9) аркылуу иштеп келген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 14-ноябрда Кыргызстандагы корей компанияларына жумушка орноштуруу максатында интервью–жолугушуу өткөрүү пландалууда. 

Иш-чаранын максаты - EPS (E-9) системасы боюнча Кореяда иш тажрыйбасы бар жарандарды Кыргызстанда ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн берүү.

📍  Дареги: Бишкек шаары

🕒 Так убакыт жана дареги кошумча маалымдалат. 

Катышууга кызыккандар 16-октябрдан 30-октябрга чейин резюмелерин корей тилинде төмөнкү электрондук почтага жиберүү зарыл: epscenterkg@gmail.com 

Арыздарды кароодон кийин тандалган талапкерлер компаниянын өкүлдөрү менен маектешүүгө чакырылат.

Резюме боюнча:

  • Өз алдынча корей тилинде даярдап жиберсеңиз болот;
  • Бирок, төмөндөгү үлгүдөгү резюмеде көрсөтүлгөн негизги пункттар сөзсүз болуусу  керек. 

📞 Кошумча маалымат үчүн: 0555 729 728 (WhatsApp).

РЕЗЮМЕ