2025-жылдын корей тилин билүү боюнча атайын тестирлөөнүн жыйынтыгы

14 Октябрь 2025
2025-жылдын корей тилин билүү боюнча атайын тестирлөөнүн жыйынтыгы

Документтерди кабыл алуу:

📍Бишкек шаары, 2025-жыл 28-октябрь, Токтогул көчөсү, 237

📍Ош шаары, 2025-жыл 28-октябрь, Ленин көчөсү, 128

ТИЗМЕ

❗️2025-жылы корей тилин билүү үчүн атайын тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн жарандар Корея Республикасына жумушка орношуу Реестрине катталуу үчүн төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

▫️КРнын ИИМинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат

🔺Бишкек ш., Курманжан Датка көчөсү, 115;

🔺Ош, Ленин көчөсү, 199;

▫️Demir Bank расчеттук счет ( АКШ долларында расчеттук счет ачуу);

▫️Медициналык справка: медициналык кароодон өтүү жөнүндө

Бишкек шаарында 2025-жылдын 16-21-октябрь күндөрү көп профилдүү клиникасы Medcenter.kg 

Дареги: Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү, 59 () , кабыл алуу убактысы саат 08:30дан 11:30га чейин. Өзүңүз менен жалпы жарандык паспорт болушу керек. 

Ош шаарында 2025-жылдын 16-21октябрь күндөрү. Ош облусу боюнча Медициналык анализдер: "AquaLab" лабораториясы

Дареги: Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 228 (https://go.2gis.com/3UYoD

Сүрөт 3,5х4,5 (2 даана) ак фондо кара кийим;

Паспорттун ( ID жана чет өлкөлүк) түстүү көчүрмөлөрү;

Изденүүчүлөрдүн реестрине каттоо үчүн 300 сом төлөгөндүгү тууралуу квитанция.

⚠️ Анализдерди ачкарын абалда тапшыруу талап кылынат.