Ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү кыргыз-япон кызматташтыгы: JAC менен жолугушуунун жыйынтыгы

03 Июль 2025
Ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү кыргыз-япон  кызматташтыгы: JAC менен жолугушуунун жыйынтыгы

📅 2025-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Япониянын Курулуш көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча жалпы улуттук корпорациясынын (JAC) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

 

Жолугушуу учурунда Кыргызстандын жарандарын SSW программасына катышууга даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Бул багытта квалификацияны жогорулатуу жана экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу үчүн кошумча билим берүү жана көндүрүү программаларын түзүүнүн зарылдыгы белгиленди.

 

Ошондой эле, япон эмгек рыногунун жогорку талаптарына жооп бере ала турган курулуш адистерин даярдоо үчүн Кыргызстанда адистештирилген окуу борборун ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

 

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары эмгек миграциясынын туруктуу жана мыйзамдуу каналдарын түзүүгө багытталган эки тараптуу мамилелерди мындан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

 

🆕 Маанилүү:

Кыргыз Республикасынын жарандарын ийгиликтүү ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында, аларды япон тилине акысыз окутуу пландары белгиленди.

 

📌Япон тилин акысыз окуп, кийин Японияда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү тууралуу жаңылыктарды алуу үчүн Борбордун www.migrant.kg расмий сайтын дайыма байкап туруңуз.

 

🤝Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору эл аралык стандарттарга жана япон эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык, Японияда ишке орношууну каалаган жарандар үчүн коопсуз жана мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча ишин улантат.