Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарды жабууга бир жолку төлөм берүүнүн тартиби жөнүндө нускама

30 Июль 2025
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарды жабууга бир жолку төлөм берүүнүн тартиби жөнүндө нускама

Негизги маалымат

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо чыгымдарын тарткан адамдарга же жакын туугандарына бир жолку төлөм, төмөнкүдөй бекитилген өлчөмгө ылайык берилет:

  • Кыргыз Республикасынын аймагында МКБ тарабынан улуттук валютада, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөө күнүндөгү курсу боюнча, алыш-бериш эсебине которуу жолу менен;
  • Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү/консулдук мекемелери тарабынан чет өлкөлүк валютада алыш-бериш эсебине которуу жолу менен, ал жок болгон учурда накталай акча менен.

 

Бир жолку төлөм алуу укугу

Жакын тууганынын атынан нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде иш-аракет жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жаранынын сөөгүн репатриациялоо менен түздөн-түз байланышкан чыгымдарды тарткан  адам же жакын тууганы (мындан ары - алуучу) бир жолку төлөм алууга укуктуу.

 

Бир адам гана алуучу болуп саналат.

 

Бир жолку төлөмдү алуу үчүн арыз Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна төмөнкү дарек боюнча: Бишкек ш., Токтогул көч., 237 (маалымат үчүн телефондор: 0312 650-262, 1899 – Ишеним телефону, WhatsApp  +996 (559) 189-900) же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине Кыргыз Республикасынын жаранынын каза болгон күнүнөн тартып алты айдан кечиктирбестен тапшырылышы керек.

Төлөмдү алуу үчүн документтердин тизмеси

Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолку төлөмдү алуу үчүн алуучу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна паспортун көрсөтүү менен бекитилген формага ылайык арыз жазат.

Кыргыз Республикасынын аймагында бир жолку төлөмдү алуу үчүн алуучу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна арыз менен кайрылат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде — Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине, анын ичинде Россия Федерациясынын аймагында — Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгүнө (Москва ш., Малая Поляна көч., 7-үй, 5-корпус, тел.: +7 495 197 76 71; +7 996 968-98-97, эл.почта: pred.mtsom@mail.ru) кайрылуу зарыл.