- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Борбордун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу: чет мамлекеттерде эмгек менен камсыздоодо ачыктыкты жана натыйжалуулукту бекемдөө, эмгек мамилелеринде коррупцияга каршы күрөшүү /
Борбордун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу: чет мамлекеттерде эмгек менен камсыздоодо ачыктыкты жана натыйжалуулукту бекемдөө, эмгек мамилелеринде коррупцияга каршы күрөшүү

2025-жылдын 16-майынан 18-майында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери үчүн институттук потенциалды жогорулатууга жана адистердин кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган окутуу тренинги өткөрүлдү.
Бул иш-чара «Солидарити борбору» тарабынан уюштурулду.
Тренингдин алкагында борбордун ишмердүүлүгүнө тиешелүү нормативдик жана практикалык маселелер кенен талкууланды, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө жободогу жаңылыктар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындагы №49 токтому);
- жеке ишке орноштуруу агенттиктери үчүн уруксат берүү процедураларын иштеп чыгуу жана колдоо боюнча нускамалар;
- Жарандар – жумуш изденүүчүлөр үчүн кетүүгө чейинки окутуу модулдарын иштеп чыгуу.
Коррупцияга каршы саясат маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар Кыргызстанда коррупцияга каршы заманбап ыкмаларды, коррупциялык мыйзам бузуулар тууралуу маалымат бергендерди коргоо механизмдерин үйрөнүп, эмгек мамилелеринде ички этика кодексин жана коррупцияга каршы жүрүм-турум эрежелерин иштеп чыгууга багытталган практикалык семинарга катышышты.
Бул тренинг Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө эмгек менен камсыздалышын ачык жана натыйжалуу жүргүзүүгө олуттуу салым кошууга. багытталган маанилүү кадам болду.








