- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Европа өлкөлөрүндө жумушка орношуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамсыз тартуу аракети токтотулду /
Европа өлкөлөрүндө жумушка орношуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамсыз тартуу аракети токтотулду
2025-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Европанын өлкөлөрүндө иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамсыз жумушка тартуу аракети токтотулду.
Борборго келип түшкөн маалыматтарга ылайык, “Technopark” имаратында чет элдик жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын Европанын өлкөлөрүнө жумушка орноштурууга багытталган мыйзамсыз кабыл алуу уюштурулган.
Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүгө расмий уруксатка ээ эместиги аныкталды.
Бул факт боюнча топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине тиешелүү текшерүү жүргүзүү жана уюштуруучулардын аракеттерине укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлдү.
Борбор чарба жүргүзүүчү субъекттерди, юридикалык жана жеке жактарды эскертет: Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берилген расмий уруксаттын болушу — мыйзамдын талабы.
Борбор Кыргыз Республикасынын жарандарына сак болууга жана чет өлкөдө иш сунуштаган агенттиктердин уруксат документтеринин бар экендигин текшерүүгө чакырат. Агенттиктин мыйзамдуу иш жүргүзүп жатканын Борбордун расмий сайты аркылуу текшерүүгө болот: https://migrant.kg