Борбор Түркия Республикасында мейманкана тейлөө тармагында ишке орношуу үчүн маектешүүгө чакырат

12 Январь 2026
Борбор Түркия Республикасында мейманкана тейлөө тармагында ишке орношуу үчүн маектешүүгө чакырат

Түркия Республикасында мейманкана тейлөө тармагында иштөөнү каалаган жарандар 2026-жылдын 13-январында Бишкек шаарында өтө турган бетме-бет маектешүүгө катышууга чакырылат.

Маектешүү төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлер үчүн өткөрүлөт:

  • жаш курагы 18ден 35 жаштагылар;
  • түрк, англис же башка чет тилин билүү;
  • массажист (сертификаты бар), ашпозчу жана пляж куткаруучулары адистиктери боюнча талапкерлер каралат.

Маектешүүнүн өтүү күнү, убактысы жана жери:
📅 Дата: 2026-жылдын 13-январы
Убактысы: 09:00
📍 Жери: Бишкек ш., Медеров көч., 115
🏨 Garden Hotel ( «Гарден» мейманканасы, Бишкек)

👔 Дресс-код: иштиктүү / тыкан

📄 Өзүңүз менен төмөнкүлөрдү кошо ала келүү зарыл:

  • сүрөтү бар резюме;
  • 3,5 х 4,5 өлчөмүндөгү сүрөт;
  • жалпы жарандык паспорт.

Маектешүүгө катышуу Түркия Республикасында мейманкана тейлөө тармагында мындан аркы мыйзамдуу жана уюшкан түрдө ишке орношуу үчүн тандоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Маанилүү маалымат:

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматтары толугу менен акысыз көрсөтүлөт.
Талапкерлерден ортомчулук кызматтар үчүн эч кандай акы алынбайт.
Төлөмдөр визалык жол-жоболордун алкагында гана жүргүзүлөт, кошумча же жашыруун төлөмдөр каралган эмес.
Каттоодон өткөн талапкерлерди тандоо түркиялык иш берүүчүлөр тарабынан жүргүзүлөт.