- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Борбор Словакияга ишке жөнөтүлө турган талапкерлердин биринчи тобу үчүн алдын ала даярдоо окутуусун өткөрдү /
Борбор Словакияга ишке жөнөтүлө турган талапкерлердин биринчи тобу үчүн алдын ала даярдоо окутуусун өткөрдү
Мурда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө келишимдин алкагында Словакиянын «INDEX NOSLUS» (ИНДЕКС НОСЛУШ) агенттиги менен кызматташуунун негизинде, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Словакия Республикасына ишке жөнөтүлө турган талапкерлердин биринчи тобу үчүн алдын ала даярдоо (предвыездное) окутуусун өткөрдү.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга ишке орношуу шарттары, кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, Словакия Республикасынын эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле кабыл алуучу өлкөдө болуу жана ыңгайлашуу эрежелери тууралуу маалыматтар берилди. Коопсуз жана мыйзамдуу эмгек миграциясы маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Талапкерлердин биринчи тобун Словакия Республикасына жөнөтүү 2026-жылдын 7-январына пландалууда. Бул багытты ишке ашыруу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.
