- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Борбор жеке ишке орноштуруу агенттиктери үчүн тренинг өткөрүп, жаңыланган сайтты жана жаңы санариптик чечимдерди тааныштырды /
Борбор жеке ишке орноштуруу агенттиктери үчүн тренинг өткөрүп, жаңыланган сайтты жана жаңы санариптик чечимдерди тааныштырды
2026-жылдын 24-мартында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасындагы Тилектештик борборунун жана «Инсан Лейлек» коомдук фондунун колдоосу менен жеке ишке орноштуруу агенттиктери үчүн: мамлекеттик органдар менен өз ара байланышуу, жеке кабинетти колдонуу жана кетер алдындагы даярдык боюнча практикалык тренинг өткөрдү.
Тренингдин негизги максаты - жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин мамлекеттик органдар менен өз ара байланышуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле санариптик өз ара аракеттенүү механизмдерин жана жарандарды чет өлкөгө жөнөтүү алдындагы даярдоо шартын жакшыртуу.
Тренингдин алкагында катышуучуларга жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин жеке кабинетинин кеңейтилген функционалдык мүмкүнчүлүктөрү айтылды. Борбордун адистери онлайн режиминде отчет тапшыруу инструменттерин, актуалдуу бош жумуш орундарга жеткиликтүүлүктү, ошондой эле маалыматтык эсепке алуу системалары менен автоматташтырылган өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.
Өзгөчө көңүл ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен байланышуунун тартиби жана регламенти, ошондой эле уруксат алуу же аны узартуу үчүн документтерди тапшыруу процессинин практикалык аспектилерине бурулду.
Тренингдин катышуучулары иш-чаранын практикалык маанисин жогору баалап, жаңы санариптик мүмкүнчүлүктөр отчеттуулук процедураларын жөнөкөйлөтүүгө, ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатууга жана мамлекеттик органдар менен өз ара байланышуунун натыйжалуулугун бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Жеке ишке орноштуруу агенттиктери менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, алардын институционалдык потенциалын жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын коопсуз, мыйзамдуу түрдө чет өлкөдө ишке орноштурууну камсыз кылууга багытталган мындай иш-чараларды өткөрүү Борбордун системалуу ишинин маанилүү бөлүгү болуп саналат.



