Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалымдайт

29 Декабрь 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалымдайт

Билдирүүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу WhatsApp мессенджериндеги 0559-189-900 номери тиркеме тарабынан убактылуу блоктолгон. Кирүүнү калыбына келтирүү боюнча бир нече жолу аракеттер көрүлгөнүнө карабастан, учурда Борборго көз каранды болбогон техникалык себептерден улам номерди ачуу мүмкүн болбой жатат.

Ушуга байланыштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандардын ыңгайлуулугу жана ыкчам байланыш үчүн кайрылууларды Telegram мессенджери аркылуу кабыл алаарын билдирет:
    •    +996 (559) 18-99-00 номери аркылуу;
    •    же Telegram издөөсү аркылуу Борбордун расмий аккаунтун табууга болот: infomigrantkg.


Кошумча маалымат катары, төмөнкү сүрөттө Борбордун Telegramдагы расмий баракчасына кирүүгө QR-код жайгаштырылат.


Түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз жана жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.