Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору сиздерди келе жаткан 2026-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайт!

31 Декабрь 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору сиздерди келе жаткан 2026-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Урматтуу жарандар! 


Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору сиздерди келе жаткан 2026-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайт! 


Бул жыл жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, жаркын ийгиликтердин жана бактылуу окуялардын мезгили болсун! Бекем ден соолук, үй-бүлөдө жылуулук, ынтымак жана көксөгөн кыялдардын аткарылышын каалайбыз. 


Жаңы бийиктиктерге жана жетишкендиктерге жетүү жолуңуздардын бир бөлүгү боло алганыбызга сыймыктанабыз. 2026-жылы биз сиздерди колдоо жана максаттарыңыздарды ишке ашырууга жардам берүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. 


Ишеним жана кызматташуу үчүн ыраазычылык билдиребиз! Сиздердин ийгилигиңиздер жана жыргалчылыгыңыздар үчүн иштей беребиз. Жаңы жылыңыздар кут болсун!


Урматтоо менен, 
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору