Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору миграция тармагындагы ишенимдүү жардамчыңыз — Migrant.kg мобилдик тиркемеси тууралуу эскертет

31 Июль 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору миграция тармагындагы ишенимдүү жардамчыңыз — Migrant.kg мобилдик тиркемеси тууралуу эскертет

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарга чет өлкөгө ишке орношууда маалымат берүү жана колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан расмий мобилдик тиркеме — Migrant.kg бар экенин эскертет.

Migrant.kg тиркемеси төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

  • Коопсуз миграция процессине байланыштуу кенен маалымат;
  • Чет өлкөлөрдөгү актуалдуу бош жумуш орундар;
  • Расмий уруксат кагазы (лицензия) бар жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин тизмеси;
  • Өзүңүздү Россия Федерациясынын «кара тизмесинен» текшерүү мүмкүнчүлүгү;
  • Ыңгайлуу убакта өтүүгө мүмкүн болгон онлайн форматтагы уникалдуу алдын ала даярдык курсу;
  • Эмгек миграциянын 20 багыты боюнча алдын ала даярдык модулдары, анын ичинде Улуу Британия, Корея, Япония, Германия, Россия жана башка өлкөлөр;
  • Ошондой эле миграцияны коопсуз жана мыйзамдуу түрдө ишке ашырууга жардам берген башка маанилүү маалыматтар.

📲 Эгерде сиз чет өлкөдө иштөөнү пландап жатсаңыз —  Migrant.kg тиркемесин жүктөп алыңыз жана дайыма кабардар болуңуз!

Жүктөп алуу үчүн шилтемелер: