Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору акысыз интенсивдүү жапон тили курстарына каттоо башталганын жарыялайт

15 Июль 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору акысыз интенсивдүү жапон тили курстарына каттоо башталганын жарыялайт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн акысыз интенсивдүү жапон тили курстарына биздин өнөктөштөр тарабынан кабыл алуу башталганын маалымдайт. Курсту аяктагандан кийин Японияда курулуш жана башка тармактарда расмий түрдө ишке орношуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Бул долбоор жарандардын чет өлкөдө легалдуу ишке орношуусуна көмөктөшүүгө жана Япониянын эмгек рыногунда талап кылынган кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.

 

Катышуу шарттары:


Жаш курагы: 18ден 35 жашка чейин
✅ Акысыз окутуу, түштөнүү тамагы менен камсыз кылуу
✅ 5 жылга чейин расмий эмгек келишими менен ишке орношуу
✅ Толук документтик коштоо жана даярдоо

 

⚠️ МААНИЛҮҮ:
📌 Окутуу мезгилинде 08:30дан 17:00гө чейин сабактарга милдетүү түрдө катышуу милдеттүү.
📌 Ишке орношуунун натыйжасы катышуучунун өзүнөн көз каранды: курстун жыйынтыгында тил жана кесиптик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшыруу зарыл.
📌 Эгерде талапкер курулуш тармагына өтө албаса, тиешелүү вакансиялар түшкөн учурда клининг (мейманканаларда, тейлөө объектилеринде тазалоо жана кызмат көрсөтүү) жана башка тармактарда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү каралат.

 

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү:
📆 2025-жылдын 31-июлуна чейин.
📣 Орундардын саны чектелүү — жалпысынан 30 катышуучу.

Окутуу өтүүчү жай:
📍 Бишкек ш., Москва көч., 162/1

Катталуу үчүн байланыш:
📞 +996 551 300 017
📞 +996 504 140 504

 

Окутуу жапон тилин жана кесиптик терминологияны интенсивдүү үйрөтүүгө багытталган квалификациялуу окутуучулар тарабынан өткөрүлөт, бул тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырууга жана Японияга баргандан кийинки тез адаптацияга жардам берет.

Окутуу аяктагандан кийин жарандарга Японияда расмий түрдө ишке орношуу мүмкүнчүлүгү берилет.