Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Баткен, Манас жана Ош шаарларында "Коопсуз миграция кербени" башталганын жарыялайт

06 Апрель 2026
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Баткен, Манас жана Ош шаарларында "Коопсуз миграция кербени" башталганын жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору “Тилектештик” борборунун колдоосу менен Баткен, Манас жана Ош шаарларында Коопсуз миграция кербени өткөрүлөрүн маалымдайт.

👥 Катышуучулар төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:
— Түштүк Корея, Улуу Британия, Германия, Түркия жана Европанын башка өлкөлөрүндөгү бош жумуш орундар тууралуу актуалдуу маалымат алуу;
— лицензияланган жеке ишке орноштуруу агенттиктери аркылуу чет өлкөдө ишке орношуу этаптары боюнча консультация алуу;
— Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун кызматтары тууралуу маалымат алуу;
— чет өлкөдө ишке орношууда алдамчылыктын алдын алуу.

Жайкы жумуштар программасынын алкагында студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча кошумча маалымат берилет.

Ошондой эле иш-чарага чет өлкөдөгү бош жумуш орундары жөнүндө кеңири маалымат бере турган жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин өкүлдөрү катышат.