Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору кадрлар резервине конкурс өткөрүлөрүн жарыялайт

20 Январь 2026
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору кадрлар резервине конкурс өткөрүлөрүн жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору административдик мамлекеттик кызматтардын башкы жана улук тобунун кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүлөрүн жарыялайт.

Конкурс борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүндө бош кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервин түзүү максатында өткөрүлөт.

Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 19-30-январы аралыгында «e-Kyzmat» мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта жеке кабинет аркылуу жүргүзүлөт.

Конкурска Кыргыз Республикасынын жарандары, мамлекеттик кызматка карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген квалификациондук талаптарга жооп берген жарандар катыша алышат.

Конкурска катышуу үчүн талап кылынган тартипте арыз жана документтер топтому (резюме, билим тууралуу документтер, эмгек тажрыйбасы жөнүндө маалыматтар жана конкурс шарттарында көрсөтүлгөн башка документтер) тапшырылышы зарыл.

Квалификациялык талаптар, кызматтар тизмеси жана документтерди тапшыруу тартиби тууралуу кеңири маалымат «e-Kyzmat» мамлекеттик порталында жайгаштырылган.

Кошумча суроолор боюнча (0312) 65-02-50 телефонуна байланышыңыздар:

 

Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген) тиркелет:

  • - жеке арызы;
  • - сүрөтү бар резюме (электрондук почта жана жашаган жеринин толук дареги);
  • - жогорку билимин тастыктаган документ, тиркемелери менен;
  • - эмгек китепчеси, эмгек китепчесине кошумча барак формасы;
  • - илимий даража жана наам ырастоочу документтер(бар болсо);
  • - паспорт (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек);
  • - мамлекеттик жана чет тилдери боюнча сертификат (бар болсо);
  • - мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт (белгиленген формага ылайык).