Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктер үчүн практикалык тренинг өткөрүп, жаңыланган сайтты тааныштырды

31 Октябрь 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктер үчүн практикалык тренинг өткөрүп, жаңыланган сайтты тааныштырды

2025-жылдын 30-октябрында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Solidarity Center уюмунун колдоосу менен ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктер (ЖИА) үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү боюнча практикалык тренинг өткөрүп, жаңыланган расмий сайтты жана жеке кабинеттердин функцияларынын презентациялады.  

Иш-чаранын максаты — ЖИАлар менен Борбордун ортосундагы санариптик өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандарды чет өлкөдө мыйзамдуу, ачык жана коопсуз ишке орноштуруунун механизмдерин өркүндөтүү болду.

Презентациянын жүрүшүндө Борбордун адистери ЖИАлар үчүн жеке кабинеттин жаңыланган мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү. Анын ичинде онлайн түрүндө отчетторду тапшыруу, учурдагы вакансиялар тууралуу маалыматтарды алуу жана маалымат системалары менен автоматташтырылган өз ара аракеттенүү функциялары камтылды.

Тренингдин экинчи бөлүгүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

• ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби жана регламенти;

• чет өлкөдө ишке орноштуруу маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши;

• жарандарды ишке орноштурууну коштоп жүрүүдө Борбордун санариптик инструменттерин колдонуу.

Тренингдин катышуучулары иш-чаранын жогорку практикалык маанисин белгилеп, көрсөтүлгөн инструменттер отчеттуулукту жөнөкөйлөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн ачыктык жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Мындай тренингдерди өткөрүү — Борбордун жеке жумушка орноштуруу агенттиктери менен өнөктөштүктү өнүктүрүү жана коопсуз, мыйзамдуу миграция жаатындагы институционалдык потенциалды чыңдоо боюнча системалуу ишинин маанилүү багыты болуп саналат.