- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- ⚠️ Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда ишке орношуу менен байланышкан онлайн-алдамчылыктын жаңы схемалары тууралуу эскертет /
⚠️ Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда ишке орношуу менен байланышкан онлайн-алдамчылыктын жаңы схемалары тууралуу эскертет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө, айрыкча Улуу Британияда, “акысыз ишке орношуу” деген шылтоо менен онлайн-алдамчылыкка кабылган учурлары көбөйүп жатканын маалымдайт.
Акыркы убакта жарандар “акысыз катталуу” деген сунуштарга алданып, андан кийин WhatsApp аркылуу “онлайн каттоо ийгиликтүү аяктады” деген жалган билдирүүлөрдү алышууда. Андан соң алдамчылар ар кандай шылтоолор менен акча талап кылышат — мисалы, “медициналык камсыздандыруу үчүн”, “Англияда банк эсебин ачуу үчүн”, “кайтууга авиабилет сатып алуу үчүн” ж.б..
📌 Алдамчылык схемасынын иштөө жолу:
- Алдамчылар паспорттун көчүрмөсүн жана сүрөттү талап кылышат.
- “Улуу Британиянын миграция кызматы сиздин талапкерлигиңизди жактырды” деген жалган билдирүү жөнөтүшөт.
- “Медициналык камсыздандыруу” үчүн төлөм сурашат.
- “Англияда банк эсебин ачуу” деген шылтоо менен акча алышат.
- Бир тарапка билет сатып берүүнү убада кылып, “кайтууга билетти өзүңүз алыңыз” дешет.
- Жасалма лицензия жана документтерди жиберишет (AI аркылуу жасалган).
- Эгер акча жөнөтүүдөн баш тартсаңыз “кара тизмеге киргизебиз” деп коркутушат.
⚠️ Маанилүү!
• Паспорттук маалыматыңызды бөтөн адамдарга бербеңиз.
• Мессенджер аркылуу акча жөнөтпөңүз.
• +44 же +1 коду менен WhatsApp, Telegram же Instagram аркылуу байланышка чыккан “менеджерлерге” ишенбеңиз.
✅ Эске салабыз:
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Улуу Британияга ишке орношуусу сезондук айыл чарба иштери боюнча 6 айга чейинки мөөнөткө гана жүргүзүлөт.
Ишке орношуу акысыз, талапкер өз чыгымдарын (визага жана эки тараптуу авиабилетке) расмий эмгек келишимин алган соң гана төлөйт.
Онлайн каттоо борбордун расмий сайты www.migrant.kg аркылуу гана жүргүзүлөт — HOPS жана PRO FORCE операторлору квота ачкандан кийин.
Бул эки оператордон башка, бүгүнкү күндө Улуу Британияга сезондук айыл чарба иштери боюнча жарандарды жөнөтүүгө борбордон уруксат алган жалгыз жеке агенттик — ЖЧК “AGRI-HR” болуп саналат.
📞 Шектүү учурлар болсо, жарандар Чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна 1899 номери аркылуу кайрылса болот.