Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору онлайн-алдамчылыктын тобокелдиктери тууралуу эскертет

27 Январь 2026
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору онлайн-алдамчылыктын тобокелдиктери тууралуу эскертет

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарды чет өлкөдө жумуш издөөдө өзгөчө сак болууга чакырат жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзүүгө уруксаты (лицензиясы) жок жеке жактар жана уюмдар тарабынан онлайн-алдамчылык фактыларынын көбөйүп жаткандыгы жөнүндө эскертет.

Акыркы учурда төмөнкүдөй алдамчылык схемалары катталууда, анда алдамчылар:

  • өздөрүн Европа өлкөлөрүндөгү рекрутингдик агенттик катары тааныштырышат;
  • кызматтары акысыз экенин билдиришет;
  • медициналык камсыздандыруу же «каржылык жөндөмдүүлүктү тастыктоо» максатында банктык эсеп ачуу шылтоосу менен төлөм талап кылышат;
  • 1 000 АКШ долларынан жогору акча каражаттарын талап кылып, өлкөгө келгенден кийин кайтарып берүүгө убада беришет.

Белгилей кетүүчү жагдай, жогоруда көрсөтүлгөн талаптар алдамчылыктын белгиси болуп саналат.

Борбор Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча уруксаты (лицензиясы) бар жеке иш менен камсыз кылуу агенттигинин Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү түрдө иштеп турган кеңсеси болушу керектигине өзгөчө көңүл бурат.

Агенттиктин Кыргыз Республикасынын аймагында кеңсеси жок болгон учурда, ошондой эле ар кандай шылтоолор менен (документтерди тариздөө, банктык эсеп ачуу, акча каражаттарын тастыктоо ж.б.) акча которууну талап кылган учурда, мындай жактар менен кызматташуудан баш тартуу жана дароо Борборго кайрылуу сунушталат.

Борбор расмий уруксаты (лицензиясы) бар жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин тизмеси Борбордун расмий сайтында жайгаштырылгандыгын эскертет.

⚠️ Көңүл буруңуз!
Эгерде агенттиктин ишенимдүүлүгүнө шек саноо жаралса, Борбордон консультация алып, аталган агенттиктин иш жүргүзүүгө уруксаты бар же жок экенин тактоого болот.

 

📞 Борбордун расмий байланыштары:
🔹 Сайт: www.migrant.kg
🔹 Instagram: @info.migrant.kg
🔹 Facebook: info.migrant.kg
🔹 Телефон:
• 0312 64-17-64 (Бишкек ш.)
• 0 (3222) 5 55 37 (Ош ш.)
🔹 Telegram: +996 559 189 000

📍 Дареги:
▪ Бишкек ш., Токтогул көч., 237
▪ Ош ш., Курманжан Датка көч., 128

Борбор жарандарды маалыматтын расмий булактарына гана ишенүүгө, ошондой эле жеке маалыматтарды жана акча каражаттарын белгисиз адамдарга бербөөгө чакырат.