- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Түркия Республикасына 2026-жылга карата сезондук жумушка талапкерлерди онлайн каттоо башталганын жарыялайт /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Түркия Республикасына 2026-жылга карата сезондук жумушка талапкерлерди онлайн каттоо башталганын жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын жарандарын Турция Республикасында мейманкана тейлөө тармагында ишке орноштуруу үчүн онлайн – каттоо ачылгандыгын жарыялайт.
МААНИЛҮҮ!
2025-жылдын 26-декабрында катталган адамдар кайра каттоого катыша алышпайт. Кайра каттоого аракет кылынса, анкета жараксыз деп табылат.
Ишке орноштуруу төмөнкү мейманканаларда жүргүзүлөт:
Swandor Topkapi Palasi, Swandor Kiriş, Likya Word, Juju Premier Palase.
Эмгек акы:
Эмгек акы 900 АКШ долларынан баштап жана андан жогору
Иш режими жана эмгек келишиминин шарттары:
- иш убактысы — күнүнө 8 саат, жумасына 6 күн
- эмгек келишиминин мөөнөтү — 6 ай
Жумуш орундар:
- Официант
- Кабыл алуу бөлүмүнүн адиси
- Аниматор
- Аймакты тазалоочу кызматкер
- Ашпозчунун жардамчысы
- Guest Relations -Коноктор менен иштөө боюнча адис
- Бөлмө тазалоочу кызматкерлер
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы
- жаш курагы 19 жаштан 35 жашка чейин
- 2027-жылга чейин жарактуу жалпы жарандык (чет өлкөгө чыгуучу) паспорту болушу
- түрк жана орус тилдерин билүү артыкчылык болуп саналат
Иш берүүчүнүн милдеттенмелери:
- Баруу жана кайтып келүү авиабилетин камсыз кылынат
- медициналык кароодон өткөрүүнү уюштуруу
- медициналык камсыздандыруу жана медициналык тейлөө менен камсыз кылуу
- жатакана жана күнүнө үч маал тамак-аш менен камсыз кылынат
Маанилүү маалымат:
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматтары акысыз көрсөтүлөт. Талапкерлерден ортомчулук кызматтары үчүн акы алынбайт.
Төлөмдөр визалык жол-жоболордун алкагында гана жүргүзүлөт.
Катталган талапкерлерди тандап алуу туркиялык иш берүүчүлөр тарабынан жүргүзүлөт. Эгерде 500 орун толукталса, онлайн каттоо автоматтык түрдө жабылат.