- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Чүй облусунда “Коопсуз миграция кербенин” өткөрдү /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Чүй облусунда “Коопсуз миграция кербенин” өткөрдү
2025-жылдын 9-11-декабрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору «Коопсуз миграция кербени» өнөктүгүнүн алкагында “Solidarity” эл аралык уюмунун колдоосу алдында Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Москва, Ысык-Ата, Сокулук жана Чүй райондорунун тургундары менен жолугушууларды жана көчмө жыйындарды өткөрдү.
Бул иш-чарада Борбордун адистери жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, ачык диалог жүргүзүп, көчмө жыйындар аркылуу пайдалуу маалыматтар менен бөлүштү.
Жолугушуулардын негизги темалары төмөнкүлөр болду:
• чет өлкөдө мыйзамдуу жана коопсуз ишке орношуу жолдору;
• жумушка орношууда алдамчылардын торуна түшүп калбоо үчүн практикалык кеңештер;
• Улуу Британиядагы, Корея Республикасындагы жана Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөгү бош орундар тууралуу маалымат;
• атайын уруксатка ээ жеке жумушка орноштуруу агенттиктери тууралуу жана ошол агенттиктер аркылуу ишке орношуу тартиби;
• Россия Федерациясынын миграция мыйзамдарындагы соңку жаңылыктар;
• адам сатуу фактыларынын алдын алуу жана жарандардын укуктарын коргоо механизмдери.
«Коопсуз миграция кербени» миграция боюнча жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатып, мыйзамсыз миграциянын мүмкүн болгон коркунучтары жана тобокелчиликтери тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү демилге болду. Иш-чарага келгендер адистерден жеке кеңеш алып, өздөрүн кызыктырган суроолорго дароо жана ишенимдүү жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.








