Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Словакия Республикасына ишке жөнөтүлө турган талапкерлердин үчүнчү тобу үчүн алдын ала даярдоо окутуусун өткөрдү

17 Февраль 2026
Жарандарды чет өлкөдө  ишке орноштуруу борбору Словакия Республикасына ишке жөнөтүлө турган талапкерлердин үчүнчү тобу үчүн алдын ала даярдоо окутуусун өткөрдү

 

Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга ишке орношуу шарттары, кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, Словакия Республикасынын эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле кабыл алуучу өлкөдө болуу жана ыңгайлашуу эрежелери тууралуу маалыматтар берилди. Коопсуз жана мыйзамдуу эмгек миграциясы маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында талапкерлердин үчүнчү тобу Словакия Республикасына  2026-жылдын 13-февралында жөнөтүлдү. Бул багытты ишке ашыруу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.