- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Словакияга ишке жөнөтүлө турган талапкерлердин экинчи тобу үчүн алдын ала даярдоо окутуусун өткөрдү /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Словакияга ишке жөнөтүлө турган талапкерлердин экинчи тобу үчүн алдын ала даярдоо окутуусун өткөрдү
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Словакия Республикасына ишке жөнөтүлө турган талапкерлердин экинчи тобу үчүн алдын ала даярдоо окутуусун өткөрдү.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга ишке орношуу шарттары, кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, Словакия Республикасынын эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле кабыл алуучу өлкөдө болуу жана ыңгайлашуу эрежелери тууралуу маалыматтар берилди. Коопсуз жана мыйзамдуу эмгек миграциясы маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыгында талапкерлердин экинчи тобу Словакия Республикасына 2026-жылдын 24-январында жөнөтүлдү. Бул багытты ишке ашыруу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.