Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору 2025-жылга Улуу Британияга сезондук иштерге баруу үчүн талапкерлерди каттоого шилтемесин жарыялайт. Каттоо бүгүн саат 14:00дө башталат

21 Май 2025
Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору 2025-жылга Улуу Британияга сезондук иштерге баруу үчүн талапкерлерди каттоого шилтемесин жарыялайт. Каттоо бүгүн саат 14:00дө башталат

Борбор Улуу Британияда 2025-жылы сезондук айыл чарба иштерине жумушка орноштуруу программасына катышуу үчүн каттоо шилтемесин жарыялайт.

Каттоо бүгүн саат 14:00дөн 19:00гө чейин ачык болот.

 

Талапкерлерге коюлган талаптар:

• 18 жаштан 45 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары;

• айыл чарба шарттарында физикалык активдүү иштөөгө даяр адамдар;

• 2027-жылга чейин жарактуу жалпы жарандык (чет элдик) паспорттун болушу зарыл.

 

Каттоого коюлган талаптар:

 

1. Толук аты (фамилиясы, аты, атасынын аты), латынча;

2. чет элдик паспорттун номери жана сүрөтү (РЕ же АС дан башталат);

3. электрондук почта (gmail.com менен бүтүш керек);

4. байланыш телефон номери;

5. кошумча суроолорго жооп берүү.

 

Каттоону төмөнкү шилтеме аркылуу өтсөңүз болот: 

https://visauk.realizon.tech/register/Xn08OomwQFLTtfnrrqnA

 

МААНИЛҮҮ!

 

Ортомчулардын кызматынан пайдаланган адамдар автоматтык түрдө тандалгандардын тизмесинен чыгарылат.

 

Катталган талапкерлер британиялык "HOPS" оператору тарабынан тандалып алынат, андан кийин талапкерлердин электрондук почтасына кыймыл инструкциясы жөнөтүлөт. Почтаңызды, анын ичинде "Спам" папкасын текшерип туруңуз.