Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору билдирет

12 Март 2026
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору билдирет

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү аскердик-саясий кырдаалдын курчушуна, андан ары күчөшүү коркунучтарынын сакталып турушуна, ошондой эле аймактагы туруксуз коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын жарандарына кырдаал толук турукташканга чейин аталган өлкөлөргө ишке орношуу максатында убактылуу барбай турууну сунуштайт.

Бул сунуш Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууга жана аталган өлкөлөрдө болууга жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө байланыштуу мүмкүн болуучу тобокелдиктердин алдын алууга багытталган.

Жарандарга мамлекеттик органдардын расмий маалыматына кунт коюп көз салып туруу жана чет өлкөдө эмгек ишмердүүлүгүн пландаштырууда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү учурдагы кырдаалды эске алуу сунушталат.

  • КРнын Кувейттеги элчилиги: +96550887691; 
  • КРнын Катардагы элчилиги: +97450667001;
  • КРнын КСАдагы элчилиги: +966583769945; 
  • КРнын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилиги: +971522255269;
  • КРнын Дубайдагы Башкы консулдугу: +971522918840;
  • КРнын Ирандагы элчилиги: +982122830354; +989352505229;
  • Анкара шаарында резиденциясы бар КРнын Израилдеги элчилиги: +90 545 689 68 00; 
  • КРнын Афганистандагы элчилиги: +93 77 9099326; 
  • КРнын Пакистандагы элчилиги: +92 3335556343; 
  • КРнын Израилдеги ардактуу консулу: +972 53 3214916;
  • КРнын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти: +996999312002.