- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Япон тили боюнча интенсивдүү курстарды аяктоо сертификаттарын тапшыруу аземи /
Япон тили боюнча интенсивдүү курстарды аяктоо сертификаттарын тапшыруу аземи
2025-жылдын 21-ноябрында япон тили боюнча интенсивдүү курстарды ийгиликтүү аяктаган 30 катышуучуга сертификаттарды тапшыруу боюнча салтанаттуу азем өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директордун орун басары А.К. Байсопуев жана JAC корпорациясынын өкүлү Хиденори Симидзу (Hidenori Shimizu) катышты.
Буга чейин каттоо жана тандоо жыйынтыгы менен Кыргызстандын бардык аймактарынан, анын ичинде өзгөчө социалдык колдоого муктаж жаш жарандардан турган 30 адам окуу программасына кабыл алынган. Катышуучулардын баары окууну ийгиликтүү аяктап, япон тили боюнча деңгээлдик экзаменден өтүп, тил билүү деңгээлин тастыкташты.
Катышуучуларга кайрылган Борбор директорунун орун басары А.К. Байсопуев бул курстар Япониянын эмгек рыногу үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоодо маанилүү кадам экенин баса белгиледи:
«Силердин аракет, тартип жана кесиптик өсүүгө умтулууңар жаңы мүмкүнчүлүктөргө даяр экениңерди көрсөтөт. Япон тилин билүү — бул программаны аткаруу талабы гана эмес, ошондой эле ийгиликтүү адаптацияга, туруктуу жумушка жана кесиптик өсүүгө жол ачат», — деди ал.
Чет өлкөлөрдө эмгектенүүнү уюштуруу борбору жана JAC корпорациясы мындан ары да квалификациялуу кадрларды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Японияда легалдуу жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча биргелешкен иш мындан ары да барууну улантат.








