ЖЧӨИОБ англис тилин билген оор жүк ташуучу унаа айдоочулары кызмат ордуна Словакия Республикасына ишке орношуу үчүн онлайн каттоону жарыялайт

24 Октябрь 2025
ЖЧӨИОБ англис тилин билген оор жүк ташуучу унаа айдоочулары кызмат ордуна Словакия Республикасына ишке орношуу үчүн онлайн каттоону жарыялайт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору англис тилин билген Словакиянын «INDEX NOSLUS (ИНДЕКС НОСЛУШ) агенттиги менен кызматташтык келишиминин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын оор жүк ташуучу автоунаа айдоочусу (узак аралыктагы эл аралык ташуулар) кызматына Gilbert De Clercq компаниясына ишке орношуу үчүн онлайн каттоонун башталганын жарыялайт.

 

Каттоого шилтеме

 

📧 Маанилүү: Каттоодон өтүү үчүн Gmail электрондук почтасы болушу зарыл.

60 талапкерге жеткен учурда каттоо АВТОМАТТЫК ТҮРДӨ жабылат.

🚛 Негизги маалымат

Кызматтын аталышы: Жүк ташуучу унаанын айдоочусу (Vodič LKW)
Иштин мүнөзү: Оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу, эл аралык ташуулар.

Талаптар: "E" жана "C" категориясындагы айдоочулук күбөлүк

Иш милдеттери:

  • жүк ташуучу автоунааны жеке айдоо;
  • Батыш Европанын өлкөлөрү боюнча эл аралык ташууларды аткаруу;
  • CMR, POD сыяктуу ташуу документтерин толтуруу;
  • бекитилген унаага кам көрүү;
  • туруктуу жана текшерилген кардарлар үчүн ташууларды ишке ашыруу.

 

👷 Талаптар

  • негизинен эркектер, бирок аялдар да катыша алышат;
  • жаш чеги жок, бирок физикалык жактан чың болушу керек;
  • нөөмөт менен иштөөгө даяр болуу;
  • орус же англис тилдерин билүү.

 

Иш графиги:

  • 12+4, 16+6 же макулдашуу боюнча нөөмөт менен иштөө;
    (мисалы, 12 күн иштеп, 4 күн эс алуу же 16 күн иштеп, 6 күн эс алуу);
  • 45 сааттык эс алуу алдын ала брондолгон мейманканада камсыздалат;
  • нөөмөт башталышы — компаниянын кеңсесинде (г. Сенец).

 

💶 Эмгек акы

Негизги айлык маяна (брутто):
1031 евродон баштап + күнүмдүк бонус.

Ай толук иштеген учурда таза айлык киреше — 2650–2800 евро.
Эмгек акы айына 3 жолу, келишим боюнча так мөөнөттөрдө төлөнөт.

 

🎁 Бонус жана кошумча төлөмдөр

  • айдоочуга бекитилген корпоративдик күйүүчү май карталары;
  • төлөмдүү жолдор үчүн автоматтык төлөө системасы (онлайн жана түзмө-түз);
  • кызматкерлер үчүн алгачкы жана үзгүлтүксүз окуулар;
  • финансылык жактан туруктуу эл аралык компанияда иштөө мүмкүнчүлүгү.

 

🏠 Жайгашуу

Жайгашуу тиби: жатакана (Ubytovňa).

 

🍽 Тамак-аш жана суточный төлөмдөр

Күнүмдүк жана командировкалык төлөмдөр — күнүнө 51 евро, эс алуу жана майрам күндөрүн кошо.

 

🧾 Тандоо жана каттоо

  • талапкерлер менен онлайн маектешүү жүргүзүлөт;
  • резюме, паспорттун көчүрмөсү жана айдоо көндүмдөрүн көрсөткөн видео тапшыруу зарыл.

 

🟢 Эскертүү:
60 талапкер катталгандан кийин каттоо автоматтык түрдө жабылат.