- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Баткен облусунда коопсуз эмгек миграциясы боюнча атайын көчмө маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү /
Баткен облусунда коопсуз эмгек миграциясы боюнча атайын көчмө маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан Мигранттар үчүн ресурстук борбору менен биргеликте 2025-жылдын 12-майынан 16-майына чейин Баткен облусунун Баткен шаарында, Баткен жана Кадамжай райондорунун 8 айыл өкмөттөрүндө коопсуз эмгек миграциясы боюнча атайын маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.
Иш-чараларга райакимчиликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын жетекчилери жана тиешелүү кызматкерлери, укук коргоо түзүмдөрүнүн, жаштар комитеттеринин, аялдар кеңештеринин өкүлдөрү, орто мектептердин директорлору, социалдык кызматкерлер жана педагогдор, участкалык милиционерлер, жергиликтүү жашоочулар жана потенциалдуу эмгек мигранттары катышышты.
Аларга Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруунун эрежелери, эмгек мигранттарынын укуктары жана милдеттери, коопсуз эмгек миграциясы, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун, Мигранттар үчүн ресурстук борборунун жана жеке иш берүүчү агенттиктердин ишмердүүлүгү, migrant.kg сайтындагы маалыматтарды туура пайдалануу, Россия Федерациясынын миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына киргизилген өзгөрүүлөр боюнча кенен маалыматтар берилип, презентациялык материалдар көрсөтүлдү.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жана Мигранттар үчүн ресурстук борборунун өкүлдөрү УТРК-Баткен телекомпаниясынын “Маанилүү маек” телеберүүсүнө жана жаңылыктар программасына катышып, коопсуз эмгек миграциясы тууралуу тиешелүү маалыматтарды беришти.
Иш-чаралардын катышуучулары берилген маалыматтардын актуалдуулугун белгилешип, уюштуруучуларга ыраазылык билдиришти.


