- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Бишкек шаарында "Asia Consult Visa" компаниясынын Кыргыз Республикасынын жарандарын Данияда жана Германияда мыйзамсыз ишке орноштуруу аракеттерине бөгөт коюлду /
Бишкек шаарында "Asia Consult Visa" компаниясынын Кыргыз Республикасынын жарандарын Данияда жана Германияда мыйзамсыз ишке орноштуруу аракеттерине бөгөт коюлду
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жарандардан келип түшүп жаткан кайрылуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарын Дания Падышалыгына жана Германия Федеративдик Республикасына мыйзамсыз ишке орноштуруу ишмердүүлүгүн токтотууга багытталган биргелешкен текшерүү иш-чарасын өткөрүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө “Asia Consult Visa” компаниясы визалык колдоо көрсөтүү деген шылтоо менен тиешелүү уруксаты жок жарандарды чет өлкөдө ишке орноштурууну жүзөгө ашырып келгени аныкталды.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 95-беренесине («Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк») ылайык административдик протокол түзүлдү.
Аталган компаниянын ишмердүүлүгүнөн жабыркаган жарандарды Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына кайрылуу керек.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору чет өлкөдө ишке орношуу боюнча чечим кабыл алууда жарандарды этият болууга жана кызмат көрсөтүүчү компаниялардын жана жеке жактардын уруксат берүүчү документтеринин бар экендигин алдын ала текшерүүгө чакырат.
Агенттиктердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун расмий сайттан текшерүүгө болот: https://migrant.kg