- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Бишкекте Улуу Британияда ишке орноштурууну уюштуруу боюнча алдамчылыкка шектелген жаран кармалды /
Бишкекте Улуу Британияда ишке орноштурууну уюштуруу боюнча алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Ленин районунун ИИБ басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында Улуу Британияда мыйзамсыз ишке орноштуруу кызматтарын көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды.
Тергөөдө аныкталгандай, шектүү жаран Улуу Британияда ишке орношууга көмөк көрсөтөм деп 60 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алган. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө анын ушул сыяктуу 20дан ашык кылмыш эпизодуна тиешеси бар экендиги аныкталган.
Бул жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандар Ленин районунун ИИБ кайрылса болот.
Бул жагдайга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын жарандарын Улуу Британияда расмий ишке орноштуруу Борбор аркылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын Улуу Британияда ишке орноштурууга уруксаты бар “AGRI-HR” жеке ишке орноштуруу агенттиги аркылуу гана жүргүзүлөрүн эскертет.
Борбор жарандарды этият болууга жана чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча күмөндүү сунуштарга ишенбөөгө чакырат.
