- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Бишкек шаарында чет өлкөгө жумушка жөнөп жаткан КР жарандарын кетээр алдынан окутуу улантылууда /
Бишкек шаарында чет өлкөгө жумушка жөнөп жаткан КР жарандарын кетээр алдынан окутуу улантылууда

2025-жылдын16-июнундаМигранттарды чет өлкөгө кетүү алдында даярдоо жана реинтеграциялоо борборунда Корея Республикасына ишке орноштуруу системасы (EPS -Employment Permit System) боюнча жумушка кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын экинчи агымын кетээр алдындагы окутуу болуп өттү.
Окутуу тандоо этаптарынан ийгиликтүү өткөн жана эмгек контрактын алган жумуш издөөчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (мындан ары-борбор) тарабынан уюштурулду.
Программа жарандарды Кореяда жашоого жана иштөөгө ар тараптуу даярдоого багытталган жана өз ичине төмөнкү негизги компоненттерди камтыйт:
✅Маданияттар аралык адаптациялоо - Корея Республикасынын маданияты, тарыхы жана каада-салттары менен таанышуу;
✅Социалдык нормалар жана эмгек этикасы - жүрүм-турум эрежелери, корпоративдик маданияттын өзгөчөлүктөрүжана иерархияны урматтоо;
✅Корей тилин тереңдетип үйрөнүү – иш чөйрөсүндө тилди практикалык колдонууга басым жасоо;
✅Жумуш ордуна адаптациялануу - иш берүүчүлөр жана кесиптештер менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн практикалык сунуштар, ошондой эле коопсуздук техникасынын нормаларын сактоо.
Борбор ар биринин өзгөчөлүгүн эске алуу менен Улуу Британияга, Японияга, Түркияга жана башка өлкөлөргө жумушка баруучу талапкерлер үчүн тиешелүү иш-чараларды көбөйтүүнү жана жөнөөрдөн алдын окутууну тереңдетүүнү пландаштырууда.
Эске салсак, Мигранттарды чет өлкөгө кетүү алдында даярдоо жана реинтеграциялоо борбору Швейцария өнүктүрүү жана кызматташуу агенттигинин (SDC) каржылык колдоосу менен Миграция боюнча эл аралык уюму (МЭУ) ишке ашырып жаткан «Эмгек миграциясы программасы - Борбордук Азия» долбоорунун алкагында 2025-жылдын 28-майында ачылган.
Мигранттарды чет өлкөгө кетүү алдында даярдоо жана реинтеграциялоо борбору Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен өнөктөштүктө түзүлгөн жана Агартуу министрлигинин Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун имаратында жайгашкан. Демилге 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын Миграциялык саясатынынконцепциясынын талаптарына ылайык келет жана туруктуу жана коопсуз миграцияны камсыз кылууга багытталган.


