- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын Германияда мыйзамсыз ишке орноштуруу аракети токтотулду /
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын Германияда мыйзамсыз ишке орноштуруу аракети токтотулду
2025-жылдын 30-октябрында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандары чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте Германияга мыйзамсыз миграцияны алдын алуу жана токтотуу максатында рейд жүргүзүштү.
Борборго келип түшкөн маалыматка ылайык, Ош шаарындагы «Жамбы» бизнес-борборунда студенттерди жайкы сезондо Германия Федеративдик Республикасында ишке орноштуруу максатында уюшкан түрдө иш-чарасы өткөрүлүп жаткан. Иш-чараны «Iwelt.germany» деп аталган коом уюштургандыгы аныкталып, белгилей кетсек анын Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияга Федератиадик Республикасына ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзүүгө расмий уруксаты жок болуп чыккан.
Учурда топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилип, андан ары тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, уюштуруучулардын аракеттерине укуктук баа берилет.
Жарандары чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чарба субъектилерин эскертип кетет: Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүк мыйзамда белгиленген тартипте берилген күчүндө турган уруксатка ээ болгон учурда гана жүргүзүлөт.
Борбор Кыргыз Республикасынын жарандарына сак болууга жана чет өлкөдө иш сунуштаган агенттиктердин уруксат документтеринин бар экендигин текшерүүгө чакырат. Агенттиктин мыйзамдуу иш жүргүзүп жатканын Борбордун расмий сайты аркылуу текшерүүгө болот: https://migrant.kg


