Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда “Nippon Travel Agency” менен жарандарды Японияда ишке орноштуруу маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү

16 Июль 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда “Nippon Travel Agency” менен жарандарды Японияда ишке орноштуруу маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү

2025-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда “Nippon Travel Agency” (Япония) компаниясынын өкүлү, Бизнести биргелешип түзүүгө көмөктөшүү башкы кеңсесинин глобалдык таланттарды пайдаланууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана команда жетекчиси Баба Наоки мырза менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын Японияда, атап айтканда, мейманкана, тейлөө жана кызмат көрсөтүү тармактарында ишке орноштуруунун багыттарын өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Япон тарап япон тилин билген Кыргызстандын жарандарын учурдагы өнөктөштүк тарамдардын алкагында мыйзамдуу ишке орноштурууга тартууга кызыгуусу жогору экендигин билдирди.

Маалымат үчүн айтсак, 2025-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эмгек министри Равшанбек Сабиров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында “Nippon Travel Agency” менен ишке орноштуруу, билим берүү жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койгон.

Бишкектеги жолугушуу Японияда жетишилген макулдашуулардын логикалык уландысы жана тараптардын КР жарандарын чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орноштуруу максатында кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон кызыгуусунун далили болуп саналат.