Жапониянын Nippon Travel Agency компаниясынын өкүлдөрү Борборго таанышуу сапары менен келишти

24 Октябрь 2025
Жапониянын Nippon Travel Agency компаниясынын өкүлдөрү Борборго таанышуу сапары менен келишти

2025-жылдын 23-октябрында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Б.Э.Кудайбердиев Япониянын Nippon Travel Agency компаниясынын чечимдер бөлүмүнүн директору мырза Фукуока Юдзи жетектеген делегация менен жолугушту. Жолугушуунун негизги темасы — кыргыз жарандарын Японияда ишке орноштуруу маселелери болду.

Жолугушууда тараптар кызматташуунун келечектерин, япон иш берүүчүлөрү менен түз байланыштарды орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашып, Борбордун ишмердүүлүгү, жарандарды чет өлкөдө ишке даярдоо процесси жана консультациялык кызматтар менен таанышышты.

«Биз япон иш берүүчүлөрү менен түз жана узак мөөнөттүү байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Мындай кызматташтык жарандар үчүн коопсуз жана мыйзамдуу түрдө чет өлкөдө ишке орношууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө ишенем», — белгиледи Борбордун директору              Б.Э. Кудайбердиев.

Nippon Travel Agency компаниясынын өкүлдөрү чет өлкөдө иштөөгө чыккан кыргызстандыктардын потенциалын жана Борбордун мамлекеттик деңгээлдеги ишмердүүлүгүн жогору баалашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.