- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Корей тили боюнча тестирлөөдөн (EPS-TOPIK) өтүүнү пландап жаткан жарандар үчүн маанилүү маалымат /
Корей тили боюнча тестирлөөдөн (EPS-TOPIK) өтүүнү пландап жаткан жарандар үчүн маанилүү маалымат
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору корей тили боюнча EPS-TOPIK тестирлөөсүнө даярданып жаткан жарандар үчүн маанилүү маалыматты билдирет.
Тестирлөөгө сапаттуу даярдануу максатында талапкерлерге Корея Республикасынын Адам ресурстарын өнүктүрүү кызматы (HRD Korea) тарабынан иштелип чыккан расмий электрондук окуу материалдарын колдонуу үчүн иштеп чыккан.
Электрондук китептер жана окуу материалдары төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү:
https://epstopik.hrdkorea.or.kr/epstopik/book/std/standardBookList.do?lang=ko
Бул материалдар тестирлөөдө кездешүүчү негизги темаларды жана тапшырмаларды камтып, талапкерлерге экзаменге жакшы даярданууга жана корей тилин билүү деңгээлин жогорулатууга жардам берет.
Ошондой эле тестирлөөнүн графиги жана өткөрүү даталары 2026-жылдын 25-мартында Борбордун расмий migrant.kg сайтында жарыяланат. Өзүңүздүн тестирлөө күнүңүз жана убактыңыз тууралуу маалыматты өз убагында билүү үчүн сайттагы жаңылыктарга дайыма көз салып туруңуз.
Белгилей кетсек тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүү үчүн өтүүчү балл 120 баллды түзөт. Биринчи этапта түс сокурдугу (дальтонизм) боюнча милдеттүү текшерүүдөн өткөрүлөт.
Борбор талапкерлерге көрсөтүлгөн окуу материалдары менен алдын ала таанышып, экзаменге даярдануу процессинде активдүү колдонууну сунуштайт.