"PRO FORCE" операторунда кошумча каттоо

22 Февраль 2024
"PRO FORCE" операторунда кошумча каттоо

"Pro Force" оператору Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына айымдарга/кыздарга катталууга кошумча мүмкүнчүлүк берет.

 

Каттоо онлайн сервис аркылуу онлайн режиминде жүргүзүлөт.

 

Каттоо бир гана айымдар үчүн, бул шилтеме аркылуу катталган мырзалардын өтүнмөлөрү автоматтык түрдө жокко чыгарылат.

 

Улуу Британиянын Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген  «Pro Force»  оператору аныктаган өтүнмөлөрдүн керектүү саны (200) толгондо каттоо автоматтык түрдө жабылат.

 

Каттоодон өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык колдонуудагы (чет өлкөлүк) паспорту жана электрондук почтасы болушу зарыл.

 

Андан соң каттоодон өткөн талапкерлер электрондук почтага ийгиликтүү катталгандыгы тууралуу билдирүү алышат.

 

Билдирме бир жолу кабыл алынат, бардык дубликаттар жокко чыгарылат.

 

Катталгандар үчүн аңгемелешүү 25-февраль саат 16:30  № 18 кесиптик лицейинде (Бишкек ш., мкр. Тунгуч, Анкара көчөсү 2А дареги боюнча) өткөрүлөт.

Ийгиликтүү катталгандардын тизмеси 23-февралда сайтка жанылыктар бөлүмүнө жайгаштырылат. 

 

КАТТАЛУУ