Hops операторунун Gateway платформасын толтуруу боюнча нускама

15 Февраль 2024
Hops операторунун Gateway платформасын толтуруу боюнча нускама

Сизге Hops системасындагы жеке аккаунтуңузга кирүү мүмкүнчүлүгү берилди. Буга чейин, биздин Gateway тутумубуздан катталуу учурунда көрсөткөн электрондук почтаңызга жеке аккаунтуңузга кирүү үчүн сырсөздү табышыңыз керек болчу. Эгер сиз бул электрондук катты албасаңыз, анда  http://thegateway.software дарегине өтүңүз,  I forgot my password дегенди басыңыз жана жаңы сырсөз түзүү үчүн кийинки нускаманы аткарыңыз.

 

Жеке аккаунтуңузга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизишиңиз керек:

  1. Жеке сүрөттү жүктөө (паспорттун сурөтүндөй);
  2. Contact details: жашаган өлкө боюнча толук дарегиңизди (шаар, көчө, үй жана батирдин номери бар болсо) киргизиңиз, ошондой эле байланыш телефонуңузду көрсөтүңүз;
  3. Other details: графага паспортуңуздун номерин көрсөтүңүз Identification Ref. No.; National insurance number эгер мурда Улуу Британияда болуп, социалдык камсыздандыруу номерин алган болсоңуз гана киризесиз; English level – эгер сиз кандайдыр бир деңгээлде англисче сүйлөсөңүз, маалымат кошогетиңиз; Бөлүмдөгү башка тилкелерди толтуруунун кереги жок;
  4. Emergency contact: зарыл болгон учурда байланышууга боло турган адамдын байланыштарын көрсөтүңүз (бул адам сиз Улуу Британияда жүргөндө сиздин жашаган өлкөдө болушу керек) - дареги толук жазылышы керек, телефон номери туура көрсөтүлүшү керек;
  5. Allergies and Health Profile: зарыл болсо, аллергия жана башка маанилүү ден соолук боюнча маалыматты кошуңуз;
  6. Skills:бул жерде айыл чарба тармагындагы пайдалуу көндүмдөрдү көрсөтүңүз, бул тандоо учурунда сиздин артыкчылыгыңыз болушу мүмкүн;
  7. Documents: Сиздин жеке кабинетиңизге паспортуңуздун сканерин жүктөшүңүз керек! (негизги бет, кол паспорттун тиешелүү жеринде болушу керек), мурунку британ визаңыздын сканери; Паспортуңуз иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин 6 айдан кем эмес жарактуу болушу керек!
  8. Onboarding documents: бардык колдо болгон документтерге электрондук кол коюу.

 

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: бардык маалыматтар чоң тамга менен жазбаңыз, англис тилинде толтуруңуз жана системанын туура иштеши үчүн Preferred language (каалаган тил)  Russian (орусча) болушу керек.

 

Бул 2024-жылдын 18-февраль күндүн аягына чейин жасалышы керек.

 

!!!БОЛБОСО ИНТЕРВЬЮГА КАТЫША АЛБАЙСЫЗ!!!

 

Көңүл бургула! Сиз Gateway платформасындагы жеке аккаунтуңузга, ошондой эле электрондук почтага жана телефонго кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуңуз керек. Бул талаптар милдеттүү жана бетме бет аңгемелешүү этабында текшерилет.