Корей тилин билүү деңгээлин аныктоо тестирлөөнүн II-этабын SKILL TEST өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө

30 Октябрь 2023
Корей тилин билүү деңгээлин аныктоо тестирлөөнүн II-этабын SKILL TEST өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө

Корей тилин билүүсү боюнча тестирлөөнүн биринчи этабын ийгиликтүү аяктагандан кийин, 28-29-октябрда Бишкек шаарында талапкерлер тестирлөөнүн экинчи этабынан SKILL TEST өтүштү.

 

Бул этап колдун шамдагайлыгын текшерүү (негизги көндүмдөрдү текшерүү), түс сокурдугунун ар кандай түрү, мисалы дальтонизм (физикалык тест), компетенттүүлүк тести жана интервью алуу максатында бир катар практикалык тапшырмаларды камтыйт.

 

Ошондой эле, талапкер түстөрдү туура көрүү жана айырмалоо жөндөмүн текшерүү үчүн түстүү тесттерден өтөт. Түс сокурдугунун жоктугу, айрыкча Кореянын өндүрүш тармагында ийгиликтүү жумушка орношуу үчүн маанилүү талап болуп саналат.

 

Корей тилин билүү деңгээлин текшерүүнүн 2-этабын ийгиликтүү аяктоо, иш издөөчүгө Кореянын Эмгек министрлигинин маалымат базасына кирүүгө мүмкүндүк берет.

 

Келечекте, жумуш берүүчү белгилүү бир талапкерди тандап алган учурда, анын атына эмгек келишими келет ал эмгек визасын ачууга мүмкүнчүлүк берет.