2026-жылы корей тили боюнча EPS-TOPIK кошумча тестирлөөсүн өткөрүү тууралуу маалымат

09 Июль 2026
2026-жылы корей тили боюнча EPS-TOPIK кошумча тестирлөөсүн өткөрүү тууралуу маалымат

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Корея Республикасында иштөөнү каалаган жарандар үчүн 2026-жылы өткөрүлүүчү корей тили боюнча кошумча жалпы тестирлөө (EPS-TOPIK) тууралуу маалымдайт. EPS-TOPIK тестирлөөсүнө онлайн каттоо 2026-жылдын 24-августунан 28-августуна аралыгында жүргүзүлөт. Тестирлөө 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгында өткөрүлөт.

Тестирлөөнү өткөрүүнүн алдын ала графиги:

  • 2026-жылдын 7-октябры - EPS-TOPIK тестирлөөнүн өткөрүлүүчү күнү жана орду жөнүндө маалымат жарыяланат;
  • 2026-жылдын 14–27-октябры - EPS-TOPIK тестирлөөсү өткөрүлөт;
  • 2026-жылдын 17-ноябры - экинчи этаптагы Skill Test сынагынын өткөрүлүүчү күнү жана орду жөнүндө маалымат жарыяланат;
  • 2026-жылдын 21–22-ноябры - Skill Test сынагы өткөрүлөт;
  • 2026-жылдын 15-декабры - ийгиликтүү өткөн талапкерлердин тизмеси жарыяланат.

Көңүл буруңуздар!

2026-жылы Корея Республикасында эмгектенүү үчүн EPS-TOPIK (корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестирлөө) программасына катышууну каалаган жарандар үчүн тестирлөөгө катышуу акысы 2026-жылдын 1- 30-октябрь аралыгында төлөнүшү керек. 

Белгиленген мөөнөттөрдү эске алып, төлөмдү көрсөтүлгөн убакыт аралыгында гана жүргүзүүнү суранабыз.

Төлөмдүн суммасы: 28 АКШ доллары.

Төлөм жүргүзүүчү жер: ОАО «РСК Банк» (Элдик Банк) филиалдары.

БАНКТЫН РЕКВИЗИТТЕРИ

28 АКШ доллары (корей тилин билүү боюнча тестирлөөгө катышуу үчүн)

Мекеменин аталышы: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы
Банктын аталышы: ОАО «РСК Банк» (Элдик Банк)
Эсептик эсеп: 1299005030100020
БИК: 440001
Төлөм коду: 14233100

Төлөмдүн багыты (назначение платежа):
Жеке эсепке: 4402051102002435 Корей тили боюнча тестирлөөгө катышуу үчүн төлөм (Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору үчүн).

Тестирлөөгө катышуу үчүн онлайн каттоо:

Онлайн каттоо 2026-жылдын 24–28-август күндөрү жүргүзүлөт.

Онлайн каттоого шилтеме каттоо башталган күнү Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун расмий сайтына жайгаштырылат.

Маанилүү!

Тестирлөөнү өткөрүү тартибине байланыштуу өзгөрүүлөр киргизилген учурда кошумча маалымат расмий сайтта жарыяланат.