Корей тилин билүү боюнча тестирлөөнүн (EPS-TOPIK) биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн талапкерлердин тизмеси жарыялайт

06 Ноябрь 2026
Корей тилин билүү боюнча тестирлөөнүн (EPS-TOPIK) биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн талапкерлердин тизмеси жарыялайт

2026-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында корей тилин билүү боюнча сынактын (EPS-TOPIK) биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн жарандар үчүн тестирлөөнүн экинчи этабы (Skills Test) өткөрүлөт.

Биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн талапкерлердин тизмеси www.migrant.kg сайтынын «Жаңылыктар» бөлүмүндө жарыяланган.

 

ТИЗМЕ

 

Skills Test сынагынын өтүүчү жери жана графиги Борбордун сайтына кошумча жарыяланат.

 

Кошумча упай алуу мүмкүнчүлүгү

Биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн талапкерлер өндүрүш тармагына тиешелүү билимин, кесиптик квалификациясын жана иш тажрыйбасын тастыктаган документтердин негизинде кошумча упай ала алышат.

Кошумча упайлар төмөнкү документтер үчүн берилет:

1 упай - өндүрүш тармагына байланыштуу адистик боюнча орто кесиптик же жогорку билим тууралуу диплом;

1 упай - кесиптик квалификациясын тастыктаган сертификаттар;

3 упай - өндүрүш тармагындагы иш тажрыйбасын тастыктаган документтер (эмгек китепчеси ж.б.).

Документтерди тапшыруу тартиби

Кошумча упай алуу үчүн талапкерлер аталган документтерин 2026-жылдын 6-ноябрынан 9-ноябрына чейин employment.kg.kor@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүшү керек.

Аталган документтердин түп нускаларын Skills Test сынагы өтүүчү күнү алып келүү зарыл.

Маанилүү!Тапшырылган бардык документтер түздөн-түз өндүрүш тармагына байланыштуу болушу керек. Кесиптик жөндөмдөрдү баалоо талап кылынган документтердин түп нускалары болгон учурда гана жүргүзүлөт.