(Корея Республикасы) EPS иш менен камсыз кылуу системасынын алкагында ийгиликтүү кызматташууну талкуулоо

26 Декабрь 2023
(Корея Республикасы) EPS иш менен камсыз кылуу системасынын алкагында ийгиликтүү кызматташууну талкуулоо

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Б.Кудайбердиев Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу борборунун (EPS) директору Kim Eun Ki мырза мененмиссиясынын аяктагандыгына байланыштуу жолугушуу өткөрдү . Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле EPS борборунун жаңы директору Kim Eun-ji  айым менен да таанышуу болуп өттү.

 

Кыргызстан 2007-жылы EPS системасына мүчө болуп, андан бери 5,5 миңден ашуун Кыргыз Республикасынын жараны бул система боюнча Корея Республикасында ийгиликтүү ишке орношкон. Акыркы 15 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасынын ишканаларына жумушка орноштуруу боюнча  Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору активдүү иш алып барууда жана учурда  Түштүк Кореяда EPS программасынын алкагында 1,5 миңге жакын кыргыз жараны иштеп, кесиптик чеберчиликтерин өнүктүрүүдө.

 

Борбордун директору ишенимдүү кызматташуунун жана EPS борборунун өнөктөштөрүнүн колдоосунун аркасында  олуттуу жетишкендиктерди баса белгилеп кетти. Ал өзгөчө Ош шаарында корей тилин билүү боюнча тесттерди өткөрүүдө EPS борбору менен кызматташууну белгиледи. Бул тест тапшырууну каалаган жарандардын транспорттук жана башка чыгымдарын бир топ үнөмдөөгө мүмкүндүк берди. Кыргыз Республикасын жана анын эмгек ресурстарын таанытуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында келип түшкөн контракттардын саны эки эсеге көбөйүп, Корея Республикасына баргандардын саны да көбөйдү.

 

Борбордун директору Корея Республикасында Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкан ишке орноштуруунун алкагындагы жемиштүү кызматташуу жана өнөктөштүк үчүн EPS борборуна ыраазычылык билдирди. Бул кызматташтык Кыргызстандын эмгек ресурстарын өнүктүрүүдө жана өлкөнүн жарандарына кесиптик жана жеке өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө чоң мааниге ээ.

 

Жолугушуунун алкагында Kim Eun Ki мырзага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ыраазычылык каты тапшырылды.