Россия Федерациясындагы бош орундардын онлайн жарманкеси

22 Декабрь 2023
Россия Федерациясындагы бош орундардын онлайн жарманкеси

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарды 2023-жылдын 25-декабрында  Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дөн 16:00гө чейин боло турган онлайн бош орундар жарманкесине катышууга чакырат.


Иш-чара Zoom платформасында өтөт, ага https://us06web.zoom.us/j/82581828449?pwd=aDG1s5qpMCMV0ZLVcaDhUTkAm1nQMK.1 шилтемеси аркылуу кирүүгө болот.


Бош орундардын онлайн жарманкесинин максаты - Кыргыз Республикасынын жарандарына мыйзамдуу жана коопсуз миграциялык каналдар аркылуу Россия Федерациясында жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо. 


Россия Федерациясынын иш берүүчүлөрү учурдагы бош орундар тууралуу маалымат менен бөлүшүп, жарандардын суроолоруна жооп беришет.

 

Ошондой эле Борбордун өкүлдөрү  Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруунун тартиби жана шарттары тууралуу айтып беришет.


Бул бош орундардын жарманкесине катышуу чет өлкөдөн жумушка орношуунун коопсуз жолдорун аныктоого жана үйдөн чыкпай эле мыйзамдуу түрдө жумуш табууга мүмкүндүк берет.


Кошумча маалымат алуу үчүн ишеним телефонуна кайрылсаңыз болот: +996 559 189 900 WhatsApp


Биз Кыргыз Республикасынын бардык кызыкдар жарандарын Россия Федерациясында жумушка орношуунун коопсуз жолдорун аныктоого жардам бере турган бул маанилүү иш-чарага катышууга чакырабыз.