Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана "Тайрику-Игирма Групп" компаниясы Кыргызстандын жарандарын жыгач даярдоо иштерине тартуу максатында кызматташуу жөнүндө келишимге онлайн форматында кол койду

17 Октябрь 2023
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана "Тайрику-Игирма Групп" компаниясы Кыргызстандын жарандарын жыгач даярдоо иштерине тартуу максатында кызматташуу жөнүндө келишимге онлайн форматында кол койду

2023-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен "Тирику-Игирма Групп"ЖЧКнын ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашууга расмий онлайн кол коюу болуп өттү. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын жарандарын Иркутск облусунун аймагындагы жыгач иштетүүчү объекттерде иштөөгө тартууга багытталган.

 


Келишимге ылайык, долбоордун уюштуруучулары 129 жумушчу персоналды тартуу зарылдыгын билдиришти. Бульдозерлердин жана экскаваторлордун машинисттери, ошондой эле жыгач ташуу вахталык автомобилдердин жана бензовоздордун айдоочулары катары иш тажрыйбасына ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары долбоорго катышууга чакырылат.

 


Бул долбоордун алкагында 30/30 вахталык иштөө ыкмасы каралган: саат 08:00дөн 20:00гө чейин жана 20:00дөн 08:00гө чейин. Долбоордун катышуучуларына ээлеген кызматына жана иш тажрыйбасына жараша айына 112 000ден 300 000 рубльга чейин айлык акы кепилденет.

 


"Тирику-Игирма Групп" ЖЧКнын кеңсеси РФ, Иркутск ш., декабрь окуялары көч., 125-үй, 405-кеңсе дареги боюнча жайгашкан.

 


Бул Макулдашууга кол коюу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен "Тирику-Игирма Групп"ЖЧКнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү этапты түзөт. Кызматташтык Кыргызстандын жарандарына Иркутск облусунун аймагында жыгач даярдоо тармагында татыктуу эмгек акы менен жумушка орношууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул долбоор өнүгүүнүн жаңы перспективаларын ачат жана долбоордун катышуучуларына жыгач даярдоо тармагына маанилүү салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Бош кызмат оруну жана командага кошулуу мүмкүнчүлүгү тууралуу толук маалымат алгыңыз келсе, 0312 64-17-64 байланыш телефондору аркылуу байланышсаңыз болот же Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна (Бишкек ш., Токтогул көч., 237) кайрылсаңыз болот.